• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-январда саат 16:39да Нарын облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кочкор районунун Большевик, Кара-Суу, Кочкор, Кара-Саз, Көк-Жар айылдарында 2,5 балл, Арсы, Семиз-Бел айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий