• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн акчаны чиновник жана подрядчы уюмдун өкүлдөрү ыйгарып алган

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Жумгалда көпүрө куруу үчүн бөлүнгөн акчаны чиновник жана подрядчы уюмдун өкүлдөрү ыйгарып алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсы менен алдын ала сүйлөшүп алуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 30-ноябрында аталган тараптардын ортосунда Жумгал районунун Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы Көкөмерен дарыясына сметалык баасы 572 миң 994 сом болгон көпүрө куруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, объект 2021-жылдын 30-ноябрынан кечиктирилбей пайдаланууга берилиши зарыл болгон.

Бирок, Кабак айыл аймагынын башчысы жана “ЭКО-строймонтаж” ЖЧКсынын жооптуу адамдары жеке материалдык кызыкчылыкты көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына карама-каршы иш кылып, көпүрөнү куруу боюнча келишимди аткарбастан, бөлүнгөн акча каражатты өздөрүнө ыйгарып алышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттеринен айыл округунун бюджетине 572 млн 994 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Топтолгон материалдардын негизинде 28-февралда аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда иштин бардык жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий