Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Майрамдык иш-чарага катышкан президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов кыргыз милициясынын, бир кылымдык тарыхына, коомдо ээлеген татыктуу ордуна баа берүү менен куттуугун жолдоп, эмгек алдыңкыларына сыйлыктарын ыйгарды.
Иш-чарада ички иштер кызматкерлерине коомчулук тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, белектер, сыйлыктар арналды.
Пикир
Оставить комментарий