• 84.2
  • 93.02
  • 0.93

Нарында "Кыргыз шырдагы – Xll" эл аралык фестивалы өтөт

Аймак 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-29-июнунда Нарын шаарында "Кыргыз шырдагы – Xll" эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.

Анын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары, “Кыргыз шырдагынын” тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери өткөрүлүп, кол өнөрчүлөрдүн “Устат-шакирт” мектебинин чебер-класстары жана концерттик программалар камтылат.

Фестивалга чет элдик коноктор жана респубиканын бардык аймактарынан 300дөн ашык кол өнөрчүлөр келип катышаары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий