Нарында мал уурулукту алдын алуу боюнча рейддик иш-чара өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана шаар, райондук иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери облус аймагында мал уруулук фактыларын алдын алуу максатында жер-жерлерде жайгашкан мал базарларда алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, облус аймагында жалпы 6 мал сатуучу базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анда 10го жакын видеокөзөмөл орнотулган.

Мал уруулукка жол бербөө жана алдын алуу иш-аракеттерин жандандыруу, сырттан мал багуу үчүн жалданып келген адамдарга тийиштүү иштер алынып барылууда.

Ар бир райондун айыл өкмөттөрүндөгү малга тактама берилүүчү жооптуу кызматкерлерге, чарба китебинде жок малдарга жана малдын эн тамгасын көрүп, анан тактама кагазы берилүүсү боюнча эскертмелер жиберилди.

Ошондой эле милиция кызматкерлери мал ээлерине ар ким өз малдарына сак болуп, кароосуз калтырбоого чакырып өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий