Нарында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Нарын шаарындагы Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык, музыкалык драма театрында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Нарын облусунун бардык аймактарынан медицина кызматкерлери чакырылган.

Иш-чарада медиктерди Нарын облусунун башчысынын басары Элмира Садыкова, Нарын шаарынын вице-мэри Элнура Асангазы кызы, ошондой эле бир катар жетекчилер куттуктап, кызмат алдыңкыларын Ардак грамота, Грамота жана Ыраазычылык кат менен сыйлашты.

Ошондой эле салтанаттын алкагында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков айдоочусу менен бирге иш сапар учурунда жол кырсыгына кабылган 16 адамды аман алып калганы үчүн президентин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чара эстрада жылдыздарынын концерти менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий