Нарында милициянын демилгеси менен "Келечекке таза кадам" форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда Нарын облустук милициясынын демилгеси менен Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында президенттин өкүлү Алтынбек Эргешовдун катышуусунда "Келечекке таза кадам" аталыштагы форум өттү.

Облустук милициядан билдиришкендей, италган иш-чаранын максаты КРнын "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" мыйзамына ылайык, балдар арасындагы укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу багытында алдын алуу субьектери менен биргелешип иш алып баруу багытын көздөө жана 2022- 2023-жылына карата жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары арасында жана балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык өз-ара кызматташуу иш-чараларын өркүндөтүү болуп саналат.

Ошондой эле алдын алуу субьектилери менен биргелешкен буйруктарынын негизинде, ар бир мектепте алдын алуу кенештери түзүлүп, укук бузуулардын алдын алуу иш- чараларын жүргүзүү болуп саналат.

Форумга чакырылган коноктор жаш өспүрүмдөр арасындагы орчундуу маселелерге кененирээк токтолуп өтүштү. Иш-чарада кылмыштуулуктун алдын алууда даярдалган видео ролик, театрлаштырылган сценкалар жана концерттик программа менен коштолду.

Соңунда Нарын облустук ички иштер органдары менен тыгыз иш алып жаткандыктары үчүн айрым мектеп директорлору жана мугалимдер Нарын ОИИБдин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий