• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Нарында мыйзамсыз берилген 8 га жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Нарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 8 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу "Кара-Бүк" участкасындагы жалпы аянты 8 гектарды түзгөн жер тилкеси 2018-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 6 жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Облустук прокуратура укук аныктоочу иш-кагаздарды жокко чыгаруу максатында сот органдарына доо арыз менен кайрылып, ал толук канааттандырылып, буйруктар жараксыз деп табылды.

Анын негизинде КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө прокурордук актысы келтирилип, жыйынтыгы менен жалпы баасы 9 млн 600 миң сомду түзгөн 8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий