• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарында «Нукура Фест – асмандагы шаар, каада-салттар» аттуу этнофестиваль өтөт

Аймак 0

БИШКЕК, 14.08.17. /Кабар/. Нарында «Нукура Фест – асмандагы шаар, каада-салттар» аттуу этно фестиваль өтөт деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Аталган иш чаранын уюштуруучулары туристтик мезгилдин жабылышына арналган алгачкы шаардык этно фестивалга катышуучуларды чакырат.

“Нукура Фест” 2017-жылдын 16-сентябрында өтүп, ал Нарын шаарынын 149 жылдыгына жана туристтик мезгилдин жабылышына арналат.

«Нукура Фест» Нарынга жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тартуу максатын көздөйт.

Фестивалдын алкагында кыргыз элинин маданиятын даңазалаган каада салттар көрсөтүлөт. Улуттук тамак-аштар коюлуп, конокторго шырдак жасоонун жолдору, боз үйдү куроо боюнча мастер-класстар өтөт.

Каалоочулар үчүн “Таш Рабат”, “Кошой Коргон” жана башка тарыхый жерлерге алып баруу уюштурулат.

«Нукура Фест» фестивалын ар жылы өткөрүп, Нарын шаарынын өзгөчөлүктөрүн ачуу пландалууда.

Фестиваль Нарын шаарынын мэриясынын, USAIDдин, Нарын шаарынын эркин экономикалык аймагынын колдоосу менен уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий