• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында согуш ардагерлерине сый тамак уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Бүгүн, 9-май Жеңиш майрамын майрамдоо иш чарасынын алкагында Нарын шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун катышуучуларына Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов тарабынан сый тамак уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын жүрүшүндө шаар башчысы майрамдын урматына карата ардагерлерге 5 миң сомдон жана ооруктун катышуучуларына 2 миң сомдон жылына бир жолу берилүүчү жөлөк пулдарды жана атайын даярдалган белектерди тапшырып, жылуу каалоо тилектерин жолдоду.

Мындан сырткары, Нарын шаарындагы согуштун эки ардагери Т.Токтомушев жана К.Абдиев “Айкөл Аян” коомдук фондунун “Кылымдын Баатыры Алтын Жылдыз” төш белгилери менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий