• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Нарында спорт зал курууда мамлекетке дээрлик 4,5 млн сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Нарында спорт зал курууда мамлекетке 4 млн сомдон ашуун зыян келтирилген, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районунун Кара-Суу айылына спорт зал курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды.

Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 млн 473 миң 536 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий