• 87
  • 90.63
  • 0.79

Нарында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында таштандыны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана полиэтилен баштыгын жана желим бөтөлкөлөрдү ээритип, кум аралашмасы менен брусчатка чыгарат. Бул долбоордун алкагында 5 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бир айда болжолдуу 4500 даана брусчатка чыгарууну пландалып жатат.

Долбоорго Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1 млн 500 миң сом, ал эми АРИСтин кошумча каржылоосунун алкагында 4 млн 100 миң сомго таштандыны кайра иштетүүдө керектелүүчү жабдуулары алынган.

Аталган ишкана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата республика боюнча пландаштырылган 100 объектинин катарында.

Жыл ичинде Нарын облусунда жалпы 17 объект ачылып, анын ичинен 11и социалдык объект болсо, жетөөсү – экономикалык объект болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий