• 87
  • 90.41
  • 0.84

Нарында терроризм, экстремизм боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы 24-25-декабрь күндөрү Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда терроризм, экстремизм боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Облустук милициядан билдиришкендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, мугалимдерге, социалдык кызматкерлерге, үй-бүлөлүк дарыгерлерге, диний кызматкерлерге жана укук коргоо кызматкерлерине "Терроризмдин, экстремизмдин, радикализмдин түшүнүгү жана алардын Кыргызстандагы келип чыгуулары", "Жаштардын радикалдашуусунун себептери, аларды алдын алуу", "Кыргызстандын аймагында коркунуч туудурган агымдар жана алардын өзгөчөлүктөрү" жана "Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү" боюнча семинарларды өткөрүп, талкуулар жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын аягында катышуучуларга жалпы 500 ашык керектүү диний экстремизмди алдын алуу багытында усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер жана коргонуучу бет каптар таратылды.

Мындай иш-чаралар Кыргызстандын аймагындагы бардык облустарда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий