• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында тойканаларды бир айга жабуу сунушу каралат

Аймак 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы тойканаларды бир айга жабуу сунушу каралат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясын басма сөз казматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы тойканалар жугуштуу илдеттен улам коюлган чектөөлөргө баш ийбей, санитардык талаптарды аткарбай келишүүдө.

"Нарын шаардык мэриясы күн сайын текшерүүлөрдү өткөрүп, айып салганы менен көп сандагы адамдардын катышуусунда тойлор өтүп жаткандыгына байланыштуу, эми өкмөттүн токтомуна ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алуу менен чара көрүүлөөрүн эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.

Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү, санэпид көзөмөл кызматы менен бирдикте дем алуу күндөрү кечки рейддерди уюштуруп, көп сандагы адамдардын катышуусунда өтүп жаткан тойлорду аныкташып, бир катар ресторандардын ээлерине айып салынган.

Ошол эле учурда Нарын шаарындагы баардык тойканаларды жаңы жылга чейин жабуу сунушу облустук штабдын отурумунда каралат.

Пикир

Оставить комментарий