• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарында жыл башынан бери жол кырсыгынан 8 адамдын өмүрү кыйылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Нарын облусунда 2024-жылдын январь-март айларында жалпы 41 жол кырсыгы катталып, андан сегиз адам каза болгон. Алардын бирөө жаш бала. Бул тууралуу күн мурун облустагы жол коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында өткөн жыйында айтылды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы М.Чалыбаевдин маалыматы боюнча, жол кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 16 учурга көп катталган.

Отурумда бир катар маселелер көтөрүлдү, анын ичинде:

  • унаа жолдорунун абалын жакшыртуу;
  • жол белгилери менен толук камсыздоо;
  • жол коопсуздук кызматкерлеринин штаттык бирдигин көбөйтүү;
  • материалдык-техникалык базаны жакшыртуу;
  • алдын алуу чараларын күчөтүү.

Ошондой эле эл ташыган менчик унаалардын жоопкерчилигин кароо, майрамдарда жол кире акысын себепсиз көтөрүп жиберген айдоочуларга чара көрүү маселелери да каралды.

2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы чыгарылган жыйынга президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Жоробеков, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын, Камсыздандыруу уюмунун, "Унаа", "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканаларынын, жол тейлөө, "Нарынавтовокзалы", "Таза Нарын" ишканаларынын, троллейбус ДЭПОсунун, Нарын шаарындагы бардык унаа мектептеринин жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий