• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Нарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Нарын шаарынын борборундагы 0,32 гектар аянттагы "жалпы пайдалануудагы жерлер" категориясына кирген, буга чейин "Ала-Тоо" мейманканасынын администрациясы жанаша жайгашкан аймак катары пайдаланып келген жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктары жоктугуна карабастан, прокуратура органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нааразылыктарын эске албай, жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жаранга аталган жер тилкесине ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүдө комиссия тарабынан "Жер кодексин" бузуу фактылары аныкталган.

УКМКдан белгилешкендей, 97 млн сомго бааланган жер тилкеси мыйзамда белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий