Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадионунун абалын көрдү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аталган стадионду оңдо-түзөө жумуштарына көп каражат керек болгондуктан көп жылдардан бери капиталдык ремонт жасалбай келгенин, учурда каражат изделип жатканын айтты.
Абалды түшүнгөн Камчыбек Ташиев Ала-Тоо стадионун жана анын катарында жайгашкан Соң-Көл кино театрын заман талабына ылайык толук ремонттон өткөрүп берээрин айтып, бул ишти өзү көзөмөлгө аларын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий