Нарындагы "Салкын-Төр" жана "Бугу-Марал" эс алуу жайлары реконструкцияланат

Аймак 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен "Салкын-Төр" жана "Бугу-Марал" эс алуу жайларын реконструкциялоо иштери колго алынууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул үчүн облустук "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан "Бугу-Марал" эс алуу жайын оңдоп-түздөө, туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында 5,5 млн сом бөлүнүп берилип, иштер башталууда.

Кийинки этапта "Салкын-Төр" эс алуу жайы толук реконструкцияланат, анын долбоору даярдалды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров "Салкын-Төр" эс алуу жайында болуп, пландоо иштери менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий