• 87
  • 90.41
  • 0.84

НАСА Эл аралык космос станциясына үчүнчү миссиясын учурду

Дүйнө 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Американын космостук агенттиги SpaceX компаниясынын кемеси менен Эл аралык космос станциясына үчүнчү миссиясын учурду.

АКШ убактысы боюнча 10-ноябрь күнү кечинде (Бишкек убактысы боюнча 11-ноябрда саат 08:03тө) Флоридадагы космодромдон "Фалькон-9" ракета алып жүрүүчүсү космоско төрт астронавт менен чогуу "Крю Дрэгон" кемесин учурду.

"Эндьюранс" атындагы кеме старттан 12 мүнөт 51 секунд өткөндөн кийин, "Фалькон-9дан" ажыраары менен дароо орбитага чыкты. Учуу планына ылайык, ал Эл аралык космос станциясына бейшемби күнү АКШ убактысы боюнча саат 19:10до (Бишкек убактысы боюнча 12-ноябрда саат 06:10до) конушу керек.

"Крю Дрэгондун" экипаж курамында астронавттар Раджа Чари, Том Маршбёрн, Кейла Бэррон жана немис космонавты Маттиас Маурер бар. Чари менен Бэррон Айга учуу үчүн НАСАнын "Артемида" программасы боюнча даярдыктан өтүп жатышат. Программа ийгиликтүү болсо алар XXI кылымда Жердин спутнигине кайтып барган алгачкы адамдар болуп калышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий