• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Назарбаев дем алыш күндөрү Ташкент менен Ашхабадга барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-сентябрда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.

Назарбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу учурунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-байланыш тармагындагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлат.

Бул арада жергиликтүү медиа Казакстан президенти 17-сентябрда Түркмөнстанга барарын жазууда.

Бүгүн Нурсултан Назарбаев маалымат жыйынын өткөрөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий