• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Назарбаев Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүү жөнүндө документке кол койду

Коом 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга 100 млн доллар бөлүп берүү боюнча документке кол койду. Бул тууралуу казак ММКлары жазып чыкты. Такталган маалыматтарга ылайык, бул каражат Евразия экономикалык биримдигинин чек арасында инфраструктураны жакшыртууга жумшалат.

Белгилей кетсек, келишим 2016-жылдын декабрында эки өлкөнүн президенттери тарабынан Санкт-Петербург шаарында макулдашылган. Жардам этап этабы менен бөлүнөт. Биринчи транш 41 млн доллар өлчөмүндө которулат. Бул акча чек арадагы өткөрүү пунктарын жакшыртууга, лабораторияларды модернизациялоого жана техникалык жөнгө салуу тармагында окутууларды жүргүзүүгө, лабораторияларды транспорттук жактан жабдууга, санитардык-карантиндик лабораторияларды жабдууга, ветеринардык жана фитосанитардык өткөрүү пункттарын жабдууга жумшалат. Бөлүнгөн каражаттын максаттуу сарпталышын эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий