Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Келе жаткан 2020-жыл менен чын ниет куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, кажыбас кайрат жана бакубатчылык каалайм. Жаңы жыл Сиздин мамлекеттик ишиңизде ийгиликтүү жана жемиштүү болсун!», — деп белгиленген Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий