• 87
  • 90.41
  • 0.84

Назарбаевге "ардактуу сенатор" наамы ыйгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Казакстан сенатынын депутаттары 3-майда өткөн жалпы жыйында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге “ардактуу сенатор” деген наам ыйгарышты. Жыйындын бардык катышуучулары демилгени бир добуштан колдошту.

Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кызматка киришүү аземинде Назарбаевге “ардактуу сенатор” наамын ыйгарууну сунуштаган.

29-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Нурсултан Назарбаевге уюмдун ардактуу төрагасы деген наам ыйгарылганын жарыялаган.

Жыйын алдында Назарбаев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду, Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Беларус президенти Александр Лукашенкону Нурсултан Назарбаев ордени менен сыйлаган.

Назарбаевге “Ардактуу сенатор” наамы Казакстан мамлекетинин түптөөчүсү, Конституцияны, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоочу, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык курсун аныктоочу катары ыйгарылганы белгиленген.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-майда кызматын тапшырган. Ал "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон калды, Назарбаев бул кызматтарда Казакстандын ички жана тышкы саясатын аныктоо боюнча олуттуу ыйгарым укуктарга ээ.

Пикир

Оставить комментарий