• 87
  • 90.63
  • 0.79

Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Бишкекте автогаз тартыштыгы 10 күндүн тегерегинде турукташат

Экономика 0

Бишкек, 28.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бишкек шаарында автогаз тартытыштыгы боюнча абал 10 күндө турукташат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда автогаз өлкөгө белгилүү өлчөмдө алып келинди, дагы көбүрөөк бөлүгү Казакстандын аймагында жолдо келе жатат.

“Бишкекте эле автогаз жетишсиз болуп жатат. Анткени, борбор калаада такси унаалары, коомдук транспорт, жеке унаалар газга өткөн. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында абал туруктуу ”, - деди Канатбек Эшатов.

Ассоциация президенти кошумчалагандай, Россияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жаткандыктан Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жаралып жатат. Кыргызстандык компаниялардын газ ташыган вагон цистерналары жок болгондуктан Россия, Казакстандан ижарага алып колдонуп келишет.

“Бул эми рынок, Россиянын аймагында заводдор өздөрүнө пайдалуу жактарды биринчи камсыздоого басым жасашат. Мисалы, Чыгыш Европа өлкөлөрү Кыргызстанга салыштырмалуу бир тонна газ үчүн эң эле аз дегенде 250-300 долларга көбүрөөк төлөшөт”,- деди Эшатов.

Пикир

Оставить комментарий