• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

"Негизги максат тынчтыкты сактап калуу". Баткен облусунун башчысы акыркы кырдаал жөнүндө

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, 17нен 18-сентябрга карата түн тынч өттү, атышуулар болгон жок.

"Эки областын ортосунда түзүлгөн иш тобу түн ичинде чек арада жумуш алып барды. Азыркы учурда интернет булактарында ар кандай текшерилбеген маалыматтар таркатылып жатат. Биз тараптар ар бир маалыматка көңүл бурулуп, реакция берилет. Бирок ошол маалыматтарга ишенип өз үйлөрүн таштап, коопсуз жерлерге чыгып кеткендер болууда. Учурда биргеликтеги топ ишин улантат. Негизги максат атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактап калуу", - деди ал.

Облус башчысы эвакуацияланган элге гуманитардык жардамдар жеткирилип, алар менен психологдор иштеп жаткандыгын кошумчалады.

"Бирок кырдаал чыңалуу бойдон калууда", - деди Алимбаев.

Пикир

Оставить комментарий