• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Нейробиологдор альцгеймер оорусунда эс тутумду калыбына келтирүүнүн жолун табышты

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Нейробиологдор альцгеймер оорусунда эс тутумду калыбына келтирүүнүн жолун табышты. Бул тууралуу Россиянын “Доктор Питтер” басылмасы жазды.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 55 миллионго жакын адам деменциядан жабыркайт жана анын 60-70% учуруна альцгеймер оорусу себеп болуп келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери 2050-жылга чейин альцгеймер оорусунда эс тутуму жоголуп, акыл эси кемиген бейтаптардын саны үч эсеге көбөйүшү мүмкүн, ал эми ооруну дарылоонун натыйжалуу ыкмасы жок экенин эскертишүүдө. Бирок окумуштуулар маселени чечүү үчүн жигердүү иштеп жатышат.

Алсак, АКШлык нейробиологдор чычкандарга эксперимент жасоонун аркасында, альцгеймер оорусунда эс тутумдун жоголушун калыбына келтирүүнүн жолун табышты.

Окумуштуулар мээнин нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон глюкозанын метаболизминде негизги ролду ойногон кинуренин жолуна басым жасашкан. Алар бул процессти жөнгө салуучу IDO1 ферментин бөгөттөө жабыркаган чычкандардын эс тутумун жана когнитивдик жөндөмүн бир топ жакшыртаарын аныкташкан.

Изилдөөлөрдүн натыйжасында окумуштуулар IDO1 аракетин басууга багытталган дары-дармектер оорунун өнүгүшүн жай гана эмес, мээнин иштешин да калыбына келтире аларын көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, ачылыш альцгеймер оорусун дарылоо үчүн гана эмес, ошондой эле паркинсон оорусунда деменцияны, ошондой эле тау протеининин патологиясы менен байланышкан башка ооруларды дарылоо үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

Маалымат үчүн: альцгеймер оорусу — эс тутумдун бузулушу, жүрүм-турумдун өзгөрүшү жана интеллекттин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.

Пикир

Оставить комментарий