• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Некролог - Ак таңдай акын Ысак Барпиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2020-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү төкмө акын Ысак Барпиев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Ысак Барпиев 1934-жылы Аксы районунун Авлетим айылында туулган. Айылдык орто мектебин ийгиликтүү аяктап, Авлетим айылдык клубунун башчысы болуп эмгек жолун баштаган. 1954-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин Авлетим айылдык Кеңешинин аткаруу комтетинин төрагасынын орун басары, 1978-жылга чейин Телман колхозунун төрагасынын орун басары, жылкы фермасынын башчысы, колхоздун профсоюз комитетинин төрагасы кызматтарында эмгектенген. 1961-1964-жылдары Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумунан 1973-1978-жылдары Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде атындагы педагогикалык институтунун тарых факультетинен билим алган. Узак жылдар Аксы райондук Токтогул паркынын директору, райондук маданият үйүнүн директору кызматтарында үзүрлүү иштеген. Ал нагыз туубаса таланты менен таанылып, бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүсү, лауреаты болгон. Кыргызстан Ленин Комсомолунун Борбордук Комитенин Ардак грамотасы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун “Эмгектеги ардыкчылыгы үчүн” медалы менен сыйланган.

Ысак Барпиев төкмө акын катары элибизге кеңири белгилүү эле. Ал бир нече төкмө акындардын айтышына катышып, баш байгелерди багындырган. Артына өрнөктүү изин калтырып, мыкты шакирттерди тарбиялаган. Чыгаан таланты жогору бааланып, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти ардактуу наамы менен сыйланган.

Ак таңдай акын, элдик талант Ысак Барпиевдин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

А.Ж. Исмаилова, Г.С.Молдобекова, С.Шер-Нияз, К.К.Иманалиев, С.К.Ибраев, К.М.Жумалиев, А.Эргешов, У.Т. Кадыралиев, Р.М.Туманбаева, А.К.Жаманкулов, К.Б.Базарбаев, Ж.У.Саралаева, Н.С Мирзахмедов , С.А.Раев, Ы.Р.Досбаев, К.О.Иманалиев, Б.Жакиев, С.Токтакунова, З.А.Үсөнбаев, О.С. Султанов, У.Полотов, Г.Мамашева, С.М. Садыкова, Р.А.Аманова, А.А. Акматалиев, А.Р. Рыскулов, Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, Р.Козукеев, Н.Калыбеков, А.Кутманалиев, А.Нуралиев, Ж.Токтобеков, А.Туткучев, А.Болгонбаев, А.Маратов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий