• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Некролог - Бүбүйра Кыдыралиева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. 2024-жылдын 14-августунда Сталиндик репрессияда атылгандар көмүлгөн жерди көрсөтүп берген Бүбүйра Кыдыралиева 96 жаш курагында каттуу оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Бүбүйра Кыдыралиева 1928-жылы Чүй облусунун Воронцовка (азыркы Таш-Дөбө) айылында туулган. Ленинграддагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн.

Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. Бүбүра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Кыдыралиева укканын Совет доорунда ачык жарыялоого батынган эмес.

Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган.

Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы тылдагы эмгектин ардагери.

Төмөнкү сыйлыктарга ээ:

- Кинематографиядагы үзүрлүү жана жемиштүү эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин грамотасы;

- 1983-жылы Коммунисттик эмгектин ударниги деген наамга ээ болуп, «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган;

- 1995-жылы «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 50 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган;

- 2000-жылы “Эрдик” медалы менен сыйланган;

- 2010-жылы «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 65-жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган;

- 2020-жылы «Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 75-жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган;

- 2021-жылы Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу наамына ээ болгон;

Бүбүра Кыдыралиеванын эскерүүлөрүнүн негизинде көмүлгөндөрдүн сыры ачылып, комплекстин андан кийинки ачылышы баяндалган “Чоң-Таштын сыры” китеби жарык көргөн.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин аймагындагы музейдин көргөзмөсүнүн бир бөлүгү Абыкановдордун үй-бүлөсүнүн жеке буюмдары.

Бүбүйра Кыдыралиева жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий