• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Некролог — Кыргыз эл артисти Хадима Берикбаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады.

2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Берикбаева Хадима 1946-жылдын 10-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган.

1965-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов жетектеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде баштаган. Хадима Берикбаева белгилүү кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алып, аялдардан алгачкылардан болуп кыргыздын кыл кыягын чертип, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, ал Атай Огонбаев атындагы комузчулар тобунда, Токтосун Тыныбеков атындагы ооз комузчулар тобунда эмгектенген.

Анын биринчи гастролу Москва шаарында өткөн. Ал Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик концертинде өнөрүн көрсөткөн. 1983-жылдан баштап алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө оркестр менен бирге көптөгөн концерттерге катышып келген.

Ал көп жылдар бою Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык окуу студиясында сабак берип, өнөрлүү жаштарды тарбиялап, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өнүгүүсүнө, таланттуу адистер менен толукталышына салымын кошуп келген.

Улуттук маданият менен искусствосуна кошкон салымы үчүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Хадима Берикбаеванын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. К. Касымалиева, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, С. К. Нышанов, Г. С. Молдобекова, А. Э. Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, К. О. Иманалиев, А. Б. Бейшеналиев, К. К. Ташиев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Э. С. Тентишев, С. Т. Токтакунова, С. Ж. Жумалиев, А. А. Ибраев, К. А. Осмонов, А.А. Максүтов, С. А. Акматалиев, Э. С. Жумабаев, Б. С. Тилегенов, У. Полотов, Г. Мамашева, Г. Момушева, З. Шаакеева, М. Дүйшөкеева, М. Н. Саккараев ж. б.

Пикир

Оставить комментарий