• 86.5
  • 91.43
  • 0.87

Некролог — Профессор Абдырахман Мавлянов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 22-июлунда 73 жашында техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, АДАМ университетинин президенти, Эл аралык инженердик академиясынын академиги Мавлянов Абдырахман Субанкулович дүйнөдөн кайтты.

Абдырахман Мавлянов 1947-жылы Жалал-Абад областынын Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунда туулган.

1965-жылы Фрунзедеги автомобиль-жол техникумун аяктаган.

1971-жылы Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун, ал эми 1975-жылы ушул эле институттун аспирантурасын аяктаган.

Ал эми 1979-жылы Ленинградда кандидаттык диссертациясын жактаган. 1992-жылы ЖАКтын чечими менен ага профессор наамы ыйгарылган. 2003-жылы Санкт-Петербургдагы архитектура жана курулуш мамлекеттик университетинде доктордук диссертациясын жактаган.

Ал өзүнүн эмгек жолун Кыргыз ССРнин Автожол министрлигинин № 12 ЖКЭБде (Жаңы-Жол району) инженер кызматынан (1965-1966) баштаган, кийин улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, Фрунзедеги политехникалык институтунун кафедра башчысы (1971-1990), Оштогу Жогорку технологиялык колледждин проректору (1991-1993) болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абаддагы мамлекеттик университетти түзүү боюнча жумушчу топту жетектеген. 1995-жылдан 2012-жылга чейин Бишкектеги финансылык-экономикалык академиянын ректору кызматын ээлеген. 2005-2013-жылдары Абдырахман Субанкулович КР ЖАКтын курулуш жана архитектура боюнча Эксперттик кеңешинин төрагасы болгон.

2013-жылдын июнунан 2017-жылдын ноябрына чейин А.С. Мавлянов Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясын жетектеп келген.

50 жылга жакын убакыттын аралыгында А. С. Мавлянов тарабынан ири көлөмдүү керамикалык буюмдар үчүн жасалма техникаларды чыгаруу максатында сырьелук аралашмаларды эсептөө боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. А. С. Мавляновдун жетекчилиги алдында чопо сырьену биологиялык жактан байытуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана тирүү организмдердин жардамы менен (силикат бактериялары) курулуш керамиканы (кирпич кыш) өндүрүү үчүн негизги сырьенун технологиялык касиеттерин жакшыртуу мүмкүнчүлүгү далилденген, бул бүткүл Орто Азия региону үчүн актуалдуу болуп эсептелет.

1982-1983-окуу жылында «La Sapienza» Рим Университетинде (Италия) өткөн бир жылдык илимий стажировкасында Италиядагы СССРдин өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы менен UNIMORANDO консорциумуна кирген бардык фирмаларга СССРдин Курулуш материалдарынын министрлиги тарабынан кирпичти өндүрүү боюнча завод — автоматтарды сатып алуу боюнча эксперттердин бири болуп барган.

А. С. Мавлянов 150дөн ашуун илимий эмгектердин, 5 монографиянын жана 3 ойлоп табуулардын; 30дан ашуун методикалык көрсөтмөлөрдүн автору. Бир илимдин докторун жана үч илимдин кандидатын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү үчүн жүздөгөн адистерди даярдаган.

Абдырахман Мавлянов сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» наамы (1997) ыйгарылган, «Даңк» медалы (2011), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн Ардак грамоталары (2005), КРдин Инженердик Академиясынын алтын медалы менен сыйланган.

Абдырахман Мавлянов өлкөнүн билим берүүсүнө, илимине, курулуш секторуна өзгөчө эмгек сиңип, миңдеген адистерди даярдап, туугандарынын, жакындарынын жана элибиздин эсинде дасыккан илимпоз, жетекчи жана тарбиячы катары түбөлүккө калат.

Үй-бүлөсүнө, балдарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, К. А. Боронов, А. Ж. Исмаилова, К. С. Молдобекова, К. М. Жумалиев, У.Кыдыралиев, Р. М. Туманбаева, Д. А. Эсеналиев, К. А. Исаков, М. С. Жуматаев, И. Т. Айтматов, А. А. Айдаралиев, М. Т. Мамасаидов, А. А. Акматалиев, А.А.Бөрүбаев, А. Б. Бакиров, Р. Ж. Дженчураева, А. Ж. Жайнаков, А. Ч. Какеев, Т. К. Койчуев, М. М. Мамакеев, М. М. Мамытов, Д. М. Маматканов, Ш. Ж. Жоробекова, Б. А. Токторалиев, С. Ж. Токтомушов, Ж. Ш. Шаршеналиев, А. Р. Раимжанов, Б. М. Мурзубраимов, В. М. Плоских, А. Э. Эркебаев, С. А. Жумабеков, А. А. Кутанов, Ж. А. Акималиев, О. А. Тогусаков, О. И. Ибраимов, Т.Тургуналиев, М.Токтоболотов, Ж.Бекболотов, У.Полотов, А.Абылкасымов, Г.Мамашева, А. Турсункулов, Т. Итибаев, А.Калматов, Б. М. Наргозуев, Н.Шакиев, Р.Сарымсаков, Т.Табылдиев, Н. С. Мирзахмедов, Э. К. Ормоналиев.

Маркумдун сөөгү 23-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Пикир

Оставить комментарий