Немец компаниясы Кыргызстанга 300 млн евродон ашык инвестиция салууга даяр

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Германиянын W. Hass Future GmbH & Co компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, Темир Сариев менен компаниянын жетекчиси Вальдемар Хасс күн электр станцияларын курууга 300 млн евродон ашык инвестиция салуу, ошондой эле шамал энергетикасы жаатында кызматташуунун потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, немис тарап Кыргызстандын адистери үчүн жаңы ыкмаларды жана технологияларды окутууну, кийин пландалган биргелешкен ишканаларга ишке орноштурууну сунуштайт.

Белгилей кетсек, 2017-жылы негизделген компания Европа боюнча фотоэлектрдик системаларды орнотууга адистешкен. Анын жылдык жүгүртүүсү 30 млн евродон ашат жана 2030-жылга чейин буйрутмалары бар.

Компанияда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген кызматкерлер, анын ичинде Кыргызстандын 40тан ашуун жараны иштейт, алар акыркы технологияларды үйрөнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий