• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Невролог дүйнөдө кеңири тараган целебралдык шал оорусунун себептерин атады

Ден соолук 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Баланын кыймылынын бузулушу менен шартталган целебралдык шал оорусу дүйнөдө кеңири тараган оорулардын бири. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул диагноз 1 миң ымыркайга 3-4 ымыркай туура келет.

Балдар невропотологу Святослав Добвнянын айтымында, буга төрөт учурундагы жаракаттын эч кандай тиешеси жок. Невролог целебралдык шал оорусу ымыркайдын түйүлдүк кезинде пайда болот деген түшүнүктү көп учурда туура эмес экенин айтып, бул мээнин шишиги же прогрессивдүү генетикалык синдромдор экенин түшүндүрдү.

Целебралдык шалдын ар кандай жолдор менен пайда болгон бир нече формалары бар. Анын ичинен спастикалык деп аталганы эң кеңири таралган. Бул формада адамдын булчуң тонусу дайыма жогору болот. Ал эми башка формасында тескерисинче төмөндөйт - бул атаксикалык форма. Ошондой эле булчуң кыймылдардын координациясынын бузулган учуру дискинетикалык форма болуп эсептелет.

Ал эми “Жылаңач жүрөктөр” фондунун экперттеринин айтымында, целебралдык шал оорусунун өнүгүшүнө таасир эткен тобокелдик факторлоруна төмөнкү синдромдор кирет:

  • ымыркайлардын баш мээсинин травматикалык жаракаттары;
  • зат алмашуунун бузулушу;
  • болочок эненин же баланын инфекциялары, энцефалит же эрте неонталдык мезгилдеги менингит.

Пикир

Оставить комментарий