• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Казакстанда камактагы миңдей киши мунапыс менен эркиндикке чыгат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. 3-ноябрда мажилис "Казакстан эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата мунапыс жарыялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Документте жеңил жана орто даражада кылмыш жасагандарды бошотуу, айрым беренелер боюнча оор жана өтө оор кылмыш жасагандардын жазасын кыскартуу каралган.

Өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин айтымында, мунапыска 2236 соттолуучу жана пробация кызматында каттоодо турган 11 310 киши илинет.

"Мунапыс ардагерлерге, жашы жете электерге, улгайган кишилерге, 1-2-топтун майыптарына, коомго жана мамлекетке олуттуу коркунуч жаратпаган адамдарга колдонулат", - деди министр.

Анын билдиришинче, өлкөдө 64 түзөтүү мекемеси, 16 тергөө изолятору бар. Ал жерлерде 34 миң киши кармалууда. 30 миң кишиге сот өкүмү чыкса, калганы тергелип жатат. Статистка боюнча алардын 93 пайызы оор жана өтө оор кылмыш үчүн камалган, 45 пайызы — биринчи ирет соттолгондор. Мындан тышкары 32 киши пробациялык көзөмөлдө турат.

Мунапыс мыйзамы күчүнө кирсе, биринчиден, миңдей адам эркиндикке чыгат, 3,8 миң киши пробациялык каттоодон алынат. Экинчиден, 1294 соттолуучу жана пробацияда турган 7392 адамдын жазасы кыскартылат. Үчүнчүдөн, сотко чейинки өндүрүшкө алынган 5 миң кылмыш иши кыскартылат, 1674 адам кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат, 1471 адамга жазасын кыскартуу же бошотуу жобосу колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий