• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт. Бул тууралуу Нью-Йорк шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин салттуу бейформал жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жыйын БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өткөн.

"Отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери ТМУнун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Негизги көңүл үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрында Бишкекте өтө турган кезектеги ТМУ саммитине даярдык көрүүгө бурулду", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө тараптарды алдыдагы Бишкек саммитинин күн тартибинде кабыл алына турган бардык документтерди ыкчам түрдө алдыга жылдырууга жана макулдашууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий