Ноокатта электр берүү чубалгыларын калыбына келтирүү иштери толук аяктады

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Каба/. Бүгүн саат 11:00гө карата Ноокат районунда селдин кесепетинен бузулган 10 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн калыбына келтирүү аяктады. Иштер Ош электр тармактары ишканасынын энергетиктери тарабынан жүргүзүлдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, натыйжада Ноокат району боюнча 66 жаңы электр мамылары орнотулду. Учурда калктуу коңуштардагы дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди.

Белгилей кетсек, аталган иштерди "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков иштин жүрүшүнө жеке өзү көз салып, координация жана колдоо көрсөттү.

"Энергетиктер селден жабыркаган электр жабдууларын тез арада калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшады", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, кийин алардын бардыгы эвакуацияландган. Тилекке каршы аймакта селден улам 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Пикир

Оставить комментарий