Ноокат районунда селден 5 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Оштун Ноокат районунда селден 5 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 16:10до Кулатов айыл аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сайы аркылуу сел жүргөн. Натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.

Сел суулары сайдын нугунан ашып, эс алуу жайында сөөрүдө отурган 6 адамды агызып кеткен. Учурда 5 адамдын сөөгү табылып, бир адамды издөө иштери уланууда.

Жеринде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары иш алып барууда.

Ал эми издөө иштеринде ӨКМдин жүздөгөн куткаруучулары тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 100 куткаруучу жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий