Ноокат районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районундагы Куу-Майдан, Байыш, Арбын, Шанкол, Дары-Булак, Батуу, Чегеден, Кетерме, Кыргыз-Ата, Ак-Булак, Борко айылдарынын жашоочуларына 54 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция миинстрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калк менен жолугушуу Куу-Майдан жана Кетерме айылдарында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды эсептөө, төлөө, кайра эсептөө, жер участокторун бөлүштүрүү, жерди пайдалануунун чектерин аныктоо, автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, эсепке алуу, өздүгүн тастыктаган документтерди берүү жана башка маселелер менен кайрылышкан.

22-июлда “Тилектештик автобусу” Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел, Жаңы-Базар, Кожоке, Жар Коргон, Чеч-Дөбө айылдарына барат.

Калк менен жолугушуу Көк-Бел айылындагы маданият үйүнүн базасында жана Федорово айылындагы “Алтын-Казык” орто мектептин базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий