• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ноокатта 141 млн сомго соода-логистикалык борбор курулду

Коом 0

Бишкек, 08.07.24. /Кабар/. Ноокат районунун Байыш айылында 141 млн сомго "Ноокат алмасы" соода-логистикалык борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Аталган логистикалык борбор "Ноокат алмасы" айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган.

Соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр, сыйымдуулугу 1200 тонна түзүп, сметалык баасы 141 млн сомдон ашкан.

Аталган борбор Дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарындагы "Региондорду экономикалык өнүктүрүү" долбоору, АРИСтин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, ЮСАИДдин кайтарымсыз жардамы жана жеке ишкердин салымы менен курулду.

Багбанчылык кооперативинде сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, иргөө жана жуугуч цехи бар.

"Ноокат алмасынын" 15 га жеринде интенсивдүү алма, 4 га жеринде гилас, 4 га жеринде жаңгак бактары бар. Көчөттөр Польша, Америка жана Турциядан алынып келинген.

Ишканада Италиялык шпалер системасы орнотулган, бактар Израилден чыгарылган заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат.

Бакыт Төрөбаев иш-чарада "Ноокат алмасы" кооперативдин базасында бак үчүн жер кыртышын даярдоо, алманын сортун тандоо, тамчылатып сугаруунун өзгөчөлүгү, интенсивдүү алма багын кесүү жана зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары боюнча республикалык семинарларды уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле министрлик тарабынан "Ноокат алмасы" деген бренд менен жергиликтүү алмаларды экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөтүү жана атайын алма фестивалдарын уюштуруу иштери жүргүзүлөөрүн билдирди.

Багбанчылык кооперативи агротехникалык колдоо, окутуу, консультация берүү, алынган түшүмдү сатып алуу жана кайра иштетүү, сактоо, сорттоо жана сатуу кызматтарын көрсөтөт.

Ишканада сезондук мезгилде 70ке жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.

Пикир

Оставить комментарий