Ноокатта алтын буюмдарды уурдоого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Ноокатта алтын буюмдарды уурдоого шектелип мурда соттолгон жаран кармалды, - деп билдирет Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 17-июлунда Ноокат РИИБге Ош шаарынын 29 жаштагы А кызы С., аттуу тургуну кайрылып, ошол эле күнү саат 14.30 чамасында Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз түрдө кирип, 150 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги билдирген.

Жабырлануучунун арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А., кармалган.

2020-жылдын 31-июль күнү тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А., Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан турак үйүнүн короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жер төлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 млн 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий