Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Ноокатта дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Р.Э. 8-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон катйып келген эмес.
Өспүрүмдү акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.
Баланы издөө үчүн жерине 4 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий