• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Ноокатта коронавирус жуктурган адам эмнеден каза болгону тиешелүү изилдөөдөн кийин айтылат – министр

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Ноокатта коронавирус жуктурган адам эмнеден каза болгону тиешелүү изилдөөдөн кийин айтылат. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, кайтыш болгон 61 жаштагы жаран умрага барып келген. Ал белгилегендей, каза болгон адамда башка оорулары да болгон.

"Кечээ күнү Ноокат районундагы ооруканада жаткан бейтап каза болду. Анын биринчи анализи оруу бар экенин көрсөткөн. Бирок анын кошумча кант диабети, өнөкөт оорулары бар экен", - деп ал, тиешелүү изилдөөдөн кийин бейтаптын өлүмүнүн негизги себеби эмне болгонун патологоанатом менен соттук-медициналык эксперттердин корутундусунун негизинде айтыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий