Ноокатта селден 8 канал жабыркап, 7 гектардан ашуун айдоо аянты зыянга учурады

Кырсык 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ноокатта селден 7 гектардан ашуун айдоо аянты зыянга учурап, 8 канал жабыркан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • буудай — 1,0 га;
  • жүгөрү — 3,36 га;
  • картошка — 0,25га;
  • беде — 2,86га

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, район боюнча келтирилген зыян 198 миң 430 сомду түзүүдө.

Учурда табигый кырсык катталган жерде 25 кызматкер, 7 атайын техника ишке тартылып, жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүп, сугат суу берүү жандандырылууда.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, кийин алардын бардыгы эвакуацияландган.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы бир адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий