Ноокатта селден каза болгондордун саны 6 адамга жетти — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокатта селден каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомтвонун маалыматына ылайык, кечээ төрт адамдын сөөгү табылган. Бүгүн куткаруучулар издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы эки адамдын сөөгүн табышты.

Эскерте кетсек, күн мурун саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун аймагында катуу сел жүргөн. Тилекке каршы ошол учурда сайда суунун жээгинде эс алып жаткан 6 адамды суу агызып кетип, кийин анын төртөө каза болгону жана дагы экөөнү издөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен жолдор, көпүрөлөр бузулуп, суу электр мамыларын агызып кеткен.

Мындан тышкары, жамгыр катуу жааган учурда Абшыр-Ата эс алуу жайында 500дөн ашык, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып калгандыгы тууралуу болжолдуу маалымат түшкөн. Учурда алар ӨКМдин куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Пикир

Оставить комментарий