Ноокатта селден жабыркаган электр тирөөчтөрүнүн 43ү калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Бүгүн саат 16:00гө карата Ноокат районундагы селден жабыркаган 10 кВ электр чубалгыларынын 55 тирөөчүнүн 43ү калыбына келтирилди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, калктуу коңуштарда дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Башка тирөөчтөрдүн абалын жана аба чубалгылардын маршрутун текшерүү улантылууда.

Ноокат, Араван, Ош, "Сулайман-Тоо" жана башка РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

белгиленгендей, энергетиктер электр жабдууларын тез калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, кийин алардын бардыгы эвакуацияландган. Тилекке каршы аймакта селден улам 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Пикир

Оставить комментарий