Ноокатта селдин кесепетинен 10 кВ электр чубалгысынын 55 тирөөчү жабыркаган

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен 10 кВ электр чубалгысынын 55 тирөөчү жабыркаган. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынан билдиришти

Бүгүн ишкананын башкы директору Алтынбек Рысбеков Ноокат районуна барып, бузулган энергетика объектилерин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Селдин алгачкы күндөрүнөн тарта ишкананын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат, Араван, Ош, Сулайман-Тоо жана башка РЭТтеринин авариялык-калыбына келтирүү топтору, 15 атайын техникасы менен 40 техникалык кызматкерлер иш алып барышууда. Бүгүнкү күндө 10 кВ электр чубалгысынын 29 тирөөчтөрү калыбына келтирилип, электр энергиясы өчүрүлгөн дээрлик бардык абоненттерге электр энергиясы берилди, бир гана Турбаза абоненттери калды, ал жерде иштер уланууда", - деп белгиледи Алтынбек Рысбеков.

Мындан тышкары, компаниянын кызматкерлери табигый кырсыктан жабыркагандарга үйлөрүн тазалоого жардам берүшүүдө.

Энергетиктер электр жабдууларын ыкчам калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, селдин кесепеттерин жоюуда жергиликтүү элге жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий