Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 580 адам тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 130 куткаруучу жана 7 техника тартылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматынан 450 адам жана 30га жакын техника жеринде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Тескей-Кожоке айылында 25 турак үйдүн короо-сарайларына, 1 мектепке чейинки билим берүү мекемесине, Тажи-Кыштак айылынында 8 турак үйдүн короо-сарайларына, Гулистан айыл аймагында 4 турак үйдүн короо-сарайларына кирген жана мында 3 үй жараксыз абалга келген.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калган. Күн мурун ал жактан жалпы 1400гө жакын адам эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 8 адамга жетип, дагы дайыны чыкпай жаткан эки адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий