• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ноокатта жаңы окуу жылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Ноокат районунун Караке айылында курулуп жаткан Б.Абдиев атындагы 150 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлөт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Курулуш-монтаждоо иштери "Найман ПМК" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда курулуш этабы 85 пайызды түзүп, 53 млн сом каржыланды.

Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея, спорттук залы, ашкана, актовый зал, откана, көмүр сактоочу кампа жана сырткы ажаткананын курулушу каралган. Объекттин жалпы аянты 2800 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий