• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокатта жер алдамчылыгына тиешеси бар бир катар кызматкерлер кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Ноокат районунда жер алдамчылыгына тиешеси бар бир катар кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында узак убакыттан бери мыйзамсыз жер тилкелерин берүү менен алектенген кызмат адамдарынын тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан "Жаш" участкасында жеке турак жай куруу үчүн жергиликтүү тургундарга трансформациясыз жер тилкелерин берүү жана жол-жоболоштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер такталды.

Жалпысынан Жаңы-Ноокат айыл аймагында 41 гектар жер трансформациясыз жасалма токтомдор менен мыйзамсыз берилген, анын жалпы орточо базар наркы 300 млн сомго жакынды түзөт.

Мындан улам, аталган факты боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жана Ноокат районунун мамлекеттик мекемелеринин бир катар жооптуу кызматкерлери: Жаңы-Ноокат айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Н.З., аталган айыл аймактын жер ресурстары боюнча адиси Э.Э.Т., «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынын бөлүм башчысы Б.А.Э., жетектөөчү адис А.Н.М., картограф К.И.Т. жана каттоо бөлүмүнүн башчысы С.Т.С. жоопко тартылды.

Тактап айтканда, жогорудагы кызмат адамдары Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен 2024-жылдын 9-майына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий