Ноокаттагы сел. Апшыр-Ата жолундагы көпүрө калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында Көк-Жар – Апшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү селден улам жараксыз абалга келген.

Натыйжада Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарынын ортосундагы жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Учурда аталган көпүрө ӨКМ тарабынан калыбына келтирилүүдө. Жеринде жалпы 5 инженердик техника иш алып барууда. Көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин бүгүн кечке чейин бүткөрү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Абшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калып, алардын бардыгы эвакуацияланды.

Тилекке каршы селден улам каза болгондордун саны 9 адамга жетип, дагы бир адамды издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий