Ноокаттагы сел. Дагы бир аялдын селге агып каза болгону аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Ноокат районунда селге агып каза болгондордун саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тагыраагы дагы 1 аял селге агып каза болгон. Учурда анын аты жөнү такталууда.

ӨКМ 28-июнда түндө сел катталган учурда сайда эс алып жүргөн 6 адам сууга агып кеткенин, кийинчерээк алардын төртөөнүн сөөгү табылганын кабарлаган. Бүгүн дагы куткаруучулар 2 баланын сөөгүн табышкан.

"Алардын көпчүлүгү 2013-жылы, 2016-жылы, 2008-жылы, 2012-жылы, 2013-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр, дагы бирөө 2005-жылы туулган", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, табият кырсыгынан кесепетинен каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Учурда тактоо иштери уланууда, кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, күн мурун Ноокат районунун аймагында катуу сел жүрүп, 6 адамды, мал-жандыктарды жана электр мамыларын агызып, Апшыр-Сай сайынан түшкөн сел суулары Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кегарт жайлоосуна баруучу жолдорду жууп кеткен. Натыйжада аталган аймактарга эс алууга барган 1400гө жакын адам суудан өтө албай калышкан. Кечээ түнү менен жана бүгүн ӨКМдин куткаруучулары жана тик учак менен жалпы 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий